Орусиянын Ставрополь крайынын Невинномысск шаарында Кыргыз жаранынын катышуусунда кырсык болгонун «Коммерсант» басылмасы жазган. Анда 5-март күнү курулуш жүрүп жаткан кампада кыргызстандык жумушчу 10 метр бийиктиктен кулап каза болгону маалымдалган.
Окуя боюнча Тышкы иштер министрлиги маалымат берди. 5-мартта 1992-жылы туулган Б.А. аттуу жаран кырсыктын кесепетинен каза болгон. Ал курулуш объектисинде бийиктиктен кулап көз жумган. Элчилик жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү тарабынан маркумдун сөөгүн Кыргызстанга алып келүүгө жардам көрсөтүлдү. Учурда компенсациялык төлөмдөр боюнча маселеси каралып, маркумдун туугандары менен тыгыз байланышта тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.