Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин маалыматына ылайык, Москва шаарындагы «Метроном» турак жай комплексинин курулушунда болгон массалык мушташтын катышуучуларынын арасында Кыргыз Республикасынын жарандары жок.
Орусиялык басылмалар 14-апрелде Москвадагы «Метроном» турак жай комплексинин курулушунда эмгек мигранттарынын ортосунда массалык мушташ болгонун жазып чыгышты. Орусиянын Тергөө комитетинин Москвадагы Башкы тергөө башкармалыгы бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголгонун билдирди.