Орусиялык альпинист Наталья Наговицына Кыргызстандагы Жеңиш чокусуна чыгуу учурунда оор жаракат алып, 7 миң метрдей бийиктикте бир жумадан бери жардам күтүп жатканын орусиялык «Маш» басылмасы жазып чыкты.
Андагы маалыматка караганда, 47 жаштагы аял 12-августта түшүп баратканда бутун сындырып алган, анын шериги биринчи жардам издеп баштаган. Эртеси эки чет элдик Натальяны алып кетүүгө аракет кылышкан, бирок алар чарчоо жана аба ырайынан улам жардам көрсөтө алышкан эмес.
Кийинчерээк куткаруучулары бар тик учак Эңилчекке учуп, бирок эң жакын жайгашкан бийик тоолуу лагерге жакындаганда, ал катуу конду. Аба ырайы уруксат берсе, жакынкы күндөрү дагы эвакуациялоо аракети пландалууда.
Маалымат каражаттары жазгандай, орусиялык аялга эки жолу жардам берүүгө аракет кылган италиялык альпинист Лука куткаруу операциясы учурунда каза болгон. Ал үшүк алып, андан кийин мээси шишип кеткен. Ал 15-вгустта болжол менен 6900 метр бийиктикте каза болгон.
Посмотреть эту публикацию в Instagram






