Бүгүн, 3-мартта Бишкекте Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин жанында кайрадан Украинадагы согуштук аракеттерге каршы митинг өтүп жатат.
Митингге беш жарандык активист чыкты. Милиция митингдин катышуучуларына дипломатиялык өкүлчүлүктүн тосмосуна жакын келүүгө жана анын алдында фото жана видеого тартууга тыюу салды. «Митингдин максаты бир – биз тынчтык үчүн жана согушка каршыбыз. Анткени мунун баары Кыргызстанга таасирин тийгизет. Бизди элчиликке жакын жолоткон жок. Бирок биз тынчтык демонстрациясын өткөрүп жатабыз», — деди мультимедиялык сүрөтчү Елена Корн.