SerepTV Logo

Ош юстиция башкармалыгынын начальниги Уларбек Жунусов 45 жашында каза болду

Ош юстиция башкармалыгынын начальниги Уларбек Жунусов 45 жашында каза болду
Юстиция министрлиги юстициянын 1-класстагы кеңешчиси, Ош юстиция башкармалыгынын начальниги Уларбек Жунусовдун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгын терең кайгыруу менен билдирет.

Уларбек Жунусов 1981-жылдын 25-апрелинде Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарында туулган. 2001-жылы Кыргызстан Эл аралык университетин аяктап, бакалавр даражасына ээ болгон. 2003-жылы ошол эле окуу жайда «Юриспруденция» адистиги боюнча магистратураны ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун 2001-жылы Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда консультант болуп баштаган. Көп жылдык жана үзүрлүү мамлекеттик кызматында ал өзүн жогорку квалификациялуу адис, принципиалдуу жана жоопкерчиликтүү жетекчи катары көрсөтө алган. Ар кайсы жылдары Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунда, прокуратура органдарында, Мамлекеттик салык кызматында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде жана Сот департаментинин тутумунда ак ниет эмгектенген.

Ал кесиптик ишмердигинин олуттуу бөлүгүн юстиция органдарына арнаган. Ош шаардык юстиция башкармалыгында жардамчыдан баштап башкармалыктын начальнигинин орун басарына чейинки эмгек жолун басып өтүп, 2021-жылдын декабрь айынан тартып Ош юстиция башкармалыгын жетектеп келген. Кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткаргандыгы жана юстиция органдарын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн Уларбек Жунусов Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган.
 
SEREP MEDIA