Ош шаарында жаңы муниципалдык “Келечек” базары ачылды
Ош шаарында 1300дөн ашуун соода орунун камтыган жаңы муниципалдык “Келечек” базары пайдаланууга берилди. Ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болот Баетов, ишкерлер жана шаар тургундары катышты.
Шаар мэри жаңы базар шаардагы сооданы ирээтке келтирүүгө жана ишкерлерге ыңгайлуу шарт түзүүгө багытталганын белгиледи. Базардагы соода жайлары 7 жана 15 чарчы метр өлчөмүндө курулуп, соодагерлер үчүн бардык шарттар каралган. Аймакта 1000ден ашуун унаа токтотуучу жай, мөмө-жемиш базары, кошумча соода аймактары жана тейлөө жайлары орун алган. Ошондой эле соодагерлердин кайрылуусунун негизинде жер акысы 50 пайызга чейин төмөндөтүлүп, маршруттук каттамдардын саны көбөйтүлгөн. Учурда Осмонов көчөсүн кеңейтүү жана альтернативдүү жолдорду куруу иштери жүрүүдө. Азыркы тапта жаңы муниципалдык базарга этап-этабы менен 30га жакын чакан жана ири базарлар көчүрүлүүдө.