Министрлер кабинети ОСАГО (транспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу) жоктугу үчүн айып пулдарды киргизүү мөөнөтүн эмки жылдын 1-июлуна чейин узартуу чечимин кабыл алды.
ОСАГО – жол кырсыгында чыгымдарды төлөөдөн коргоонун кепилдиги. Полис үчүнчү тараптардын чыгымдарын жабат. Кошумчалай кетсек, камсыздандыруу полиси жок айдоочуларга 3000 сомдон айып пул салуу 1-январдан башталмак. Ал эми бир жылдык камсыздандыруу — 1680 сом.