Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, 14-15-октябрь күндөрү Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде, түнкүсүн айрым жерлерде абанын температурасы 0…-2° градуска чейин төмөндөп, үшүк жүрүшү күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМден эскертишти.
Мындай үшүктүн жүрүшү мөмөлүү жемиштерге жана жашылчаларга, сууктан корголуп, жабылган картошка үчүн коркунучтуу.










