Муниципалдык инспекция «Ош базарынын» айланасындагы мыйзамсыз соодага каршы күрөшүн улантууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалымакта караганда, рейд Бейшеналиева көчөсү менен Рыскулов көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин жүргүзүлгөн. Жеринде кепилдик каттары түзүлүп, ошондой эле 286-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык протоколдор түзүлдү.
«Уруксатсыз сооданы жоюу боюнча инспекция тарабынан бир нече жолу эскертүүлөр берилип, күнү-түнү рейддер жүргүзүлүп келет. Буга карабастан, бул адамдар системалуу түрдө мыйзамсыз аракеттерди жасап келишет»,- деп айтылат маалыматта.