Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Оштогу “Чолпон” орто мектебинин техникалык кызматкеринин көйгөйүн чечип берди.
“Чолпон” орто мектебинин техникалык кызматкери бир уулу менен жашай турган жери жоктугун, буга чейин ар кайсы тууганын үйүндө жашап келе жатканын айтып шаар мэринен жардам сурап кайрылды.
Калаа башчысы эженин уулу чоңоюп үй-жай түптөгөнгө чейин 10 жылдык мөөнөттө убактылуу жашап туруу үчүн турак жай маселесин жеринде чечип берди.








