“Оу» деп келинчегиңе айтасың” деп интернетте ар бир сөзү трендге айланып жаткан Оштун мэри Жеңишбек Токторбаевдин видеолорун тартып жүргөн операторлору менен маектештик.
“Башында чуркагыбыз келбей жүрсө, эми чуркап көнүп калдык, ар бир чыккан материалдарыбызга жакындарыбыз хит болуп жатасыңар дешет. Анан дагы сүйлөп жатканда оу дегенден коркуп калдык” дейт алар.
«Рейдге караңгыда чыгып калып жаткан учурда зымдарга илинип калган учурлар болчу. Кийимдер жыртылып, бутум тайып кетип, бактын талдары бетиме тийип, люкка түшүп кеткен учурларым болду. Таштандыдан секирип өткөн учурлар болот. Эми жытын айтпай эле коёюн. Азыр башка жолдо кетип бара жатып деле, анализдеп карап, «снос» кылыш керек экен, чыгып кетиптир деп калат экенсиң. Жугат экен»,- деди Амангелди Атазаков.