10-15-апрель күндөрү Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында Мамлекеттик күзөт объектилеринин жана Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн катышуусундагы мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүү мерчемделген. Коомдук коопсуздукту камсыздоого 1700дөн ашуун кызматкер тартылат.
Андыктан жогорудагы белгиленген иш-чараларга ылайык, Ош облусунун айрым аймактарында унаа кыймылы үчүн убактылуу чектөөлөр киргизилет. Төмөндө чектөө киргизилчү аймактардын тизмеси:
10-апрель күнү Ош шаарында;
11-апрель күнү Араван районунда;
12-апрель күнү Кара-Суу районунда;
13-апрель күнү Ноокат районунда;
14-апрель күнү Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунда;
15-апрель күнү Чоң-Алай жана Алай райондорунда.
Ош облусунун ички иштер башкармалыгы жарандарды мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүү учурунда жогоруда көрсөтүлгөн аймактарда жол жээктерине унаа каражаттарын калтырбоого, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого, коомдук тартипти көзөмөл кылып, жол кыймылынын жөнгө салып турган кызматкерлердин талаптарына баш ийип, түшүнүү менен кабыл алууга чакырат. Киргизилип жаткан чектөөлөргө байланыштуу унаа кыймылын алдын ала мерчемдеп алууну сунуштайт.
Бишкек шаарынын мэри "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын айдоочулары менен жолугушуп, анда бир катар маселелер талкууланды. Жолугушуунун алкагында калаа башчысы...
Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов өлкөдөгү курулуш ассоциацияларынын жана компанияларынын өкүлдөрү менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Иш-чарага Мамлекеттик салык кызматынын...
Бүгүн, 9-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында саламаттыкты сактоо министри Дамир Осмонов Алай районунун Жалпы дарыгерлик практика борборуна барды....
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерине зыян келтиргендик үчүн айып пулдардын өлчөмүн (таксаларды) олуттуу жогорулатуу жөнүндө...
Кыргыз Республикасы Жакынкы Чыгыштагы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуунун жетишилгенин, ошондой эле Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин жана башка кызыкдар тараптардын...