Бүгүн, 6-май күнү Ош шаарына “Эскерүү оту” эл аралык иш-чарасынын алкагында Кремлдин алдындагы белгисиз жоокердин мүрзөсүндөгү түбөлүк оттун бөлүкчөсү алып келинди. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Эл аралык акциянын алкагында Ош шаарындагы «Өчпөс от» мемориалдык комплексинин алдында жыйын-реквием өтүп, мемориалга от жагылды. Андан соң түбөлүк оттун бөлүкчөсү Ош шаарынан өлкөнүн башка шаарларына өткөрүп берилди. Мындан сырткары, мемориалдык аянтта Улуу Ата Мекендик согушка катышып, курман болгон жоокерлердин тизмесин камтыган QR-коддун ачылышы болду.