Ош шаарында кышкы жылытуу мезгилин аяктоо боюнча буйрукка мэр Алмаз Мамбетов кол койду. Бул тууралуу шаар башкармалыгынан маалымдашты.
Эреже боюнча абанын орточо суткалык температурасы беш күн катары менен +8 градустан жогору болсо жылуулук берүү токтотулат. Ага ылайык, 1-апрелден тарта Ош шаарынын аймагында жылуулук өчүрүлөт.