Ош шаарында жаңы жылдык майрамдарга даярдык иштери уланууда. Шаардын маданият башкармалыгынын маалыматына караганда, быйыл борбордук аянтты, жаңы жылдык балатыны жана айланасын жасалгалоого жалпы 3 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөн.
«Аянтта кооздоо иштер кызуу жүрүп жатат. Муз аянтачасы курулуп, чакан үйлөр, балатылар жана чоң LED-экран орнотулууда», — деп билдиришти башкармалыктан.











