Мэрия соодагерлерге 20-январга чейин Б.Осмонов көчөсүндө жайгашкан жаңы муниципалдык борбордук базарга көчүп чыгууну эскертет.
«Аталган убакыттан тарта эски базарда электр энергиясы, таза суу жана башка коммуналдык тейлөөлөр токтотулат. Учурда базардын ордуна эс алуу багын куруу долбоору даярдалууда. Ага чейин курулуштарды жана соода түйүндөрдү алып салуу, көчүрүү, санитардык тазалоо иштери жүргүзүлүп, долбоорду ишке ашырууга даярдыктар көрүлөт», — деп жазылат маалыматта.