Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын Оштогу башкы консулдары менен жолугуп, курулуш үчүн бөлүнгөн жер тилкени көрсөттү.
Дипломатиялык шаарчанын аянты 35 миң чарчы метрди түзүп, ар бир консулдукка 20 сотыхтан жер каралат. Шаар бийлиги бардык зарыл инфраструктуралык курулуштарды камсыздап берет.








