Бүгүн, 7-мартта Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Болот Баетов, депутаттар, шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери жана жалпы кызматкерлердин катышуусунда президент Садыр Жапаровдун “Жашыл мурас” өнөктүгүнүн алкагында Ош шаарында жазгү үч айлык ишембилик башталды.
Жазгы үч айлык ишембиликтин алкагында Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясынын ички бөлүгү жана жээктери таштандылардан толук тазаланат. Шаар башчысы дарыянын нугун тазалап, ачуу сел кырсыктарынын алдын алуу үчүн маанилүү экенин белгиледи. Анын негизинде дарыянын жээгин жана ички бөлүгүн тазалоо иштери башталды. Учурда тазалоо иштерине 10го жакын атайын техника тартылып, тиешелүү кызматтар тарабынан жумуштар активдүү жүргүзүлүүдө. Акциянын алкагында дарыянын жээгинде топтолгон таштандылар чыгарылып, нугун кеңейтүү жана тазалоо иштери жүргүзүлөт.
Калаа башчысы шаардыктарды тазалоо, жашылдандыруу иштерине активдүү катышууга жана тазалыкты сактоо, таштанды таштабоо маданиятын калыптандырууга чакырды. Ишембилик шаардын бардык аймактарында улантылат.