Ош шаарында президент Садыр Жапаров тарабынан ыйгарылган 54 “Баатыр эне” ордени жана 44 “Эне даңкы” медалын тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу Ош мэриядан билдиришти.
Ага шаар мэри Жеңишбек Токторбаев, шаардык кеңеш төрагасы Болот Баетов, баатыр энелер жана алардын жакындары катышты.
Сыйлоо аземинде алгач маданият кызматкерлери тарабынан энелерди даңазалаган концерттик программа тартууланды. Калаа башчы жана шаар кеңеш төрагасы энелерди куттуктап, коомдун өнүгүшүнө жана келечек муундун калыптанышына өзгөчө салым кошкон энелерге бекем ден-соолук каалап, алган жогорку сыйлыктары менен куттуктап, орден, медалдарды тапшырды.











