21-июнда Ош шаарынын Төлөйкөн айылындагы Ак-Буура дарыясына кыз менен жигит чөгүп каза болду. Бул тууралуу Ош ШИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, дарыяга 2006-жылы туулган Ош шаарынын тургуну (кыз киши) агып кеткен. «Аны куткарам деп 1997-жылы туулган Кара-Кулжа районунун тургуну сууга түшүп, экөө тең аккан. Кыздын жансыз денеси ошол күнү кечинде табылган, жигиттин жанасыз денеси эртеси күнү табылды», — айтылат маалыматта.











