Бүгүн, 14-декабрда Ош шаарында жаңы жылдык балатынын оту жандырылды.
Буга чейин шаардын маданият башкармалыгы быйыл борбордук аянтты, жаңы жылдык балатыны жана айланасын жасалгалоого жалпы 3 миллион сомго жакын каражат бөлүнгөнүн билдирген.
«Аянтта муз аянтачасы курулуп, чакан үйлөр, балатылар жана чоң LED-экран орнотулууда», — деп билдиришкен башкармалыктан.










