Ош шаарындагы Ленин көчөсүнүн аталышы Алымбек датка деп өзгөртүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
«Ош шаарынын борбордук Ленин көчөсүн Алымбек датка көчөсү деп өзгөртүү боюнча Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин сунушун Ош шаардык кеңеши XI сессиясында колдоп, чечим кабыл алып беришти»,- деп айтылат маалыматта.