Ош шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун жалгыз ардагери Касымбай Жолдошов 99 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Касымбай Жолдошов 1925-жылдын 25-июнунда Ноокат районунун Шанкол айылында туулган.
1943-жылдын 18-январында Ноокат райондук аскер комиссариаты тарабынан согуш майданына чакырылып, 154 аткычтар полкунда 2 жыл кызмат өтөп, 1950-жылдын май айына чейин 8 жыл мекенге кызмат өтөгөн. 2004-жылдан бери Ош шаарында туруктуу жашап келет.
Бир уул, бир кызды тарбиялап, 15 небере, 50 чебере, 1 кыбыралуу болгон. Ардагер бүгүн, 22-августта туулуп өскөн айылы Ноокат районунун Шаңкол айылында саат 14:00дө акыркы сапарга узатылат.












