Бүгүн, 2-май күнү Ош шаарынын борбордук аянтында Орозо айт намазы окулду. Ага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, дин өкүлдөрү, аксакалдар, бардык муниципалдык аймактык башкармалыктарынын өкүлдөрү жана шаар тургундары катышты. Бул тууралуу мэриядан маалымдашты.
Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов калаа тургундарын Орозо айт майрамы менен куттуктады. “Мен жеке өзүмдүн жана Ош шаарынын мэриясынын атынан жалпы мекендештерди майрам менен чын дилимден куттуктайм жана ар бир пендеге жакшылыктарды каалайм. Баарыңыздарды ар дайым ийгилик коштоп жүрсүн, ар бир үй-бүлөдө бакубатчылык, ынтымак, чың ден соолук, береке жана ийгиликтер болсун! Ар бир адамдын жан дүйнөсүнө тынчтык каалайм. Орозо айт маарек болсун!” — деди мэр куттуктоо сөзүндө.
Шаардын борбордук аянтындагы айт намазга жалпысынан 13 миңден ашык адам катышты.
Жогорку Кеңештин төрагасынын биринчи орун басары Медербек Алиев Жаштар парламентинин 15 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чарада сөз сүйлөгөн Медербек...
«Эл үмүтү – Ата-Журт» депутаттык тобу Кыргыз Республикасындагы ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн абалы тууралуу маалымат укту. Жыйынга тиешелүү министрликтердин жана башка...
Жыйында баяндама жасаган Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков министрлик тарабынан аткарылган калктын жашоо деңгээлин жакшыртууга,...
Агартуу министрлиги социалдык тармактарда тараган окуучулардын ата-энелери менен мугалимдердин ортосундагы түшүнбөстүктөр боюнча төмөнкүлөрдү маалымдайт. Ош облусунун Алай райондук билим берүү...
"Эмгек министрлигине байланышкан жол-жоболордун татаалдыгы жана ашыкча бюрократия тууралуу жарандардан көп кайрылуулар түшүп жатат. Министрлик жөлөкпулдарды жана башка документтерди алуу...