Бакытбек Жетигенов курулуш компанияларынын мыйзамсыз аракеттерине жол бербөө чаралары күчөгөнүнө карабастан, тиешелүү уруксат кагаздарын албай туруп, курулуш иштерин баштап жиберген учурлар катталып жатканын белгиледи. «Тилекке каршы, быйыл да тиешелүү уруксат кагаздары жок имараттарды, анын ичинде көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун өз алдынча баштап жиберген учурлар катталууда. Мындай көрүнүштөргө катуу чара көрүп, кимге тиешелүү болбосун баарын токтотуу керек. Архитектура, мыйзамсыз курулуштарды көзөмөлдөө башкармалыгы, аймактык башкармалыктардын башчылары шаар аймагында кандай гана курулуш иштери болбосун, силер биринчи кабардар болуп, мыйзамдуулугун карап чыккыла. Эгер уруксат кагазы жок кайсы жерде мыйзамсыз курулуш жүрүп жатса, кызмат абалына, кимге тиешелүү экендигине карабастан коомчулукка ачык жарыялоо зарыл. Жарандар турак-жай сатып алууда, курулуштар эрежелерди бузуу менен курулуп жатканын билүүгө тийиш», — деди калаа башчысы.
Араванда капуста бышып, сатыкка чыкты
Ош облусунун Араван районунда башка аймактарга салыштырмалуу жашылча жемиштер 2-3 жума эрте бышат. Учурда капустанын басай сорту бышып, дыйкандар экспортко...












