Ошто 13 миң 295 студент жогорку окуу жайларынан чыгарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Жогорку окуу жайларында бүтүрүүчү студенттердин билим сапатын жакшыртуу, ошондой эле билим берүү чөйрөсүндө коррупциялык элементтердин шарттарын, себептерин жана факторлорун четтетүү максатында 2024-жылдын аягында жана 2025-жылдын башында ЖОЖдордун жетекчилеринин катышуусу менен жалпы профилактикалык иш-чаралар өткөрүлгөн.
Өткөрүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы боюнча сабакка катышпаган же академиялык карыздары бар 13 миң 295 студент (ОшМУ 3573, ОшТУ 2754, ОшКӨЭУ 3167, ОшМПУ 3629, КУУнун филиалы 172) окуудан чыгарылган. Учурда аталган ЖОЖдордун кызмат адамдарынын студенттерди мыйзамсыз окутууга жана алардын жоопкерчилигин мыйзам чегинде кароого катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.











