25-февраль күнү Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө 1958-жылы туулган жаран арыз менен кайрылып, 2010-жылы туулган кызы Халикова Диана Васитовна 2024-жылдын 19-август күнү Ош шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, бул факты Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, издөө иштери башталган.
Кийген кийимдери: кара түстөгү футболка, кара түстөгү шым, бутунда кара түстөгү спорттук бут кийим.
Өзгөчө белгилери: Боюнун узундугу 155-160 сантиметр, ак жүздүү, арык, чачы сары түстө.
Кимде-ким сүрөттөгү жаранды көргөн болсо, 03233 5-06-36, 0506 98 98 16, 0557 27 87 60, 0777 11 63 93 номурларына чалсаңар болот.