Ошто 2 жашар бейтап магниттик оюнчуктун 17 даанасын жутуп алган. Бул тууралуу Ош облусттар аралык балдар клиникалык ооруканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бейтап 3 күн аралыгында улам-улам кусуп жаткандыгына байланыштуу райондук ооруканага кайрылып, рентген текшерүүнүн жыйынтыгында ичегилерде бир нече тизилген бөтөн зат аныкталкан.
Тажрыйбалуу хирургдарынын бригадасы бейтапка шашылыш операция жасап, 17 даана магнит ичегилерден толук алынган. Учурда бейтаптын абалы туруктуу, тиешелүү дарылоо жана көзөмөл жүргүзүлүп жатат.











