Бүгүн, 26-январда Ош шаарында 1972-жылдын жаштары азыркы замандын жаштарына кайрылуу жасаган мезгил капсуласы ачылды. Иш-чарага Ош мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Закиров, мэриянын Жаштар иштери боюнча комитетинин кызматкерлери, 1972-жылы капсула салууга катышкандар, жаштар, шаардын активисттери катышты.
Иш-чаранын алкагында 50 жыл мурун капсула коюунун күбөсү, Ош шаарынын тургуну Ольга Корчагина 1972-жылдагы жаштардын кайрылуусун бардык катышуучуларга окуп берди. “Коомубуздун биримдигин көздүн карегиндей ар дайым сактап, көп улуттуу өлкөбүздүн элдеринин достугун чыңдай бергиле. Ата Мекенди коргоп, элдин бактысы үчүн бүт күчүңөрдү, керек болсо өмүрүңөрдү да берүүгө дайым даяр болгула. Маданий деңгээлиңерди, дүйнө таанымыңарды тынымсыз жогорулаткыла, көз карашыңарды кеңейтип, билим алуудан талбагыла”, – деп жазылган катта.
Ага улай жаштар иштери боюнча комитеттин төрагасы Жаныш Жусупбеков Келечекке жаңы катты — 2073-жылдын жаштарына жазылган кайрылууну окуп берди. Аны да 50 жылдан кийин ачуу пландалууда.
Казакстандын Алматы шаарында казак элинин көрүнүктүү акыны, жазуучу, драматург жана коомдук ишмер Мухтар Шаханов менен коштошуу зыйнаты өттү. Акыркы сапарга...
23-апрелде Бишкек шаарында «Кыргызстан – аймактык хаб: Континенттерди бириктирүүчү" аттуу эл аралык транспорттук форум өтөт. Форумга Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) мүчө...
Интернет мейкиндигинде медицина кызматкерлеринин айлык маянасы боюнча квитанциянын сүрөтү “айлык көбөйгөндөн кийинки сумма” катары тарап, коомдо туура эмес түшүнүк жаратты....
Кыргызстандык зыяратчылардын алгачкы тобу 11-майдан тарта ыйык сапарга аттанат. Бул күндөрдө дүйнөнүн чар тарабынан келген мусулмандар Меккеге жана ыйык жерлерге...