Ошто 20 жыл вагондо жашаган аялды УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев үйлүү кылды. Бул тууралуу «Регион» каналынын жетекчиси Өткүрбек Рахманов билдирди.
Былтыр аялдын видеосу тарап, көпчүлүктүн жүрөгүн ооруткан. Видеонун автору аял мурун вагондо жашап келгенин, ал вагонду дагы алып кетишкенин айтып, Ташиевге кайрылган.
«Буга чейин аталган жаран вагондо жашап келген. Ал вагонго ээлик кылган тарап өз буюмун алып кеткен соң, аймактык башкармалык тарабынан башка батирге чыгып убактылуу жашап туруу же “Боорукердик” жатак үйүндө жашап туруу сунушталган. Бирок андан баш тарткандыктан бүгүн башка экинчи жайга көчүрүлүп, жайгаштырылды», — деген маалыматты мэриядан таратышкан.









