Москвадагы Михаил Щепкин атындагы театралдык институтту бүтүрүп, Ош улуттук драма театрына келген 22 жаш актёрго берилген батирлеринин ачкычы тапшырылды. Ош шаардык мэриясынын маалыматы боюнча, 96 батирлүү көп кабаттуу үй пайдаланууга берилди.
Жаш актерлордон тышкары, үч эм төрөлгөн үй-бүлөлөргө жана турак жайы шаардагы курулуш иштери үчүн алынгандарга да берилген.
“Салтанаттуу ачылышта актерлор «50 жыл мурда болгон окуя» аталышындагы театрлаштырган сценканы тартуулашты. Эл артисттери Назира Мамбетова менен Жамила Сыдыкбаева театралдык окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнө батир берүү 50 жылдан кийин кайталанып жатканын айтып, мэрге ыраазылык билдиришти”, – деп айтылат маалыматта.










