Ошто 3 мекеменин жетекчилери алмашты. Тиешелүү буйрукка Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев кол койгон. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Нурсултан Шакир уулу “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Буга чейин ал Ош шаарынын мэриясынын жарандарды тейлөө бюросунун башчысы болчу. Абай Большевиков “Оштогу көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты” муниципалдык ишканасынын жетекчиси ордун тапшырып, «Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды. «Жапалак унаа базары» муниципалдык ишканасынын директору Нурмухаммед Каракулов Ош шаарынын мэриясынын жарандарды тейлөө бюросунун башчысы болуп дайындалды.











