Ошто 34 жаштагы Бузуура Жаанбаева дайынсыз болуп, изделип жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга Өзгөн районунун 66 жаштагы тургуну кайрылып, 28-июнь күнү саат 08:00 чамасында 34 жаштагы келини Өзгөн районунун Шоро-Башат айылындагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жатканын билдирген. Бул окуя боюнча топтолгон материалдар 29-июнда Өзгөн РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган.
Кийген кийимдери: башында ак түстөгү жоолук, үстүндө жашыл түстөгү көйнөк, кара түстөгү шым, бутунда боз түстөгү бут кийим.
Өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, дене түзүлүшү орто бойлуу, кара тору, кашы-көзү кара, чачы узун кара түстө.
Жоголгон жаран тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, 03233 5-06-36, 0550 334323, 0779 334323, 0504 445541 номурларына чалсаңыздар болот.