Бүгүн, 25-апрелде президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев Кара-Кулжа районуна караштуу 1-май айылынын тургуну оруктун ардагери 93 жаштагы Саадат Алиевадан кабар алды.
Облус жетекчиси анын абалын сурап, Улуу Жеңиштин 80 жылдык маарекеси менен куттуктап, согуш жылдарында жаш экендигине карабастан тылда эмгектенип, жеңиштин келишине салым кошкондугу үчүн ыраазычылыгын билдирип, белегин тапшырды.
Саадат Алиева 1932-жылы Кара-Кулжа районунун 1-Май айылында туулган. Жаштыгына карабастан, оор жылдарда айыл чарбасында, айрыкча тамекичилик тармагында үзүрлүү эмгектенип, тылда эмгек кылуу менен Улуу Жеңишке өз салымын кошкон. Ал 1964-жылы Совет колхозунун №6 бөлүмүндө жумушчу болуп иштей баштап, өмүрүнүн көп жылдарын эмгек майданына арнаган. Көп жылдык эмгеги үчүн «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуш учурундагы каарман эмгеги үчүн» медалы менен 2006-жылы сыйланган. 4 уул, 5 кыздын энеси.