Бүгүн, 25-ноябрда оңдоодон өткөн көчөгө казак жазуучусу Абай Кунанбаевдин ысымы берилди. Жазуучунун бюсту менен музейи да ачылды. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
Мындан сырткары калаада Казакстан Президенти Касым—Жомарт Токаевдин “Атам жөнүндө баян” аттуу китебинин бет ачары болуп өттү. Иш-чарага мэр Жеңишбек Токторбаев, Казакстандын Маданият жана маалымат министри Аида Балаева, Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскарали Мадаминов катышты.
«Анда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Казакстандын өлкө башчысы тарабынан 2-даражадагы “Достук” ордени менен сыйланды. Сыйлыкты Аида Балаева тапшырып, мэрге элдин достугун даңазалоодо Ош шаарында жасалган иштери үчүн ыраазычылыгын билдирди», — деп жазылат маалыматта.










