Бүгүн, 3-февралда Ош шаарынын Курманжан-Датка көчөсүнүн А.Навои менен А.Бөрүбаев көчө кесилиштерине чейинки бөлүк саат 06:00дөн 00:00гө чейин убактылуу жабылат. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ОшМУнун башкы корпусунун тегерегиндеги аталган даректерде эскилиги жеткен, куураган, кулап түшүү коркунучундагы бак-дарактарды кыркып тазалоо иштери жүргүзөт.
«Жасалып жаткан жумуштарга түшүнүү менен мамиле кылууну жана кыймыл үчүн алдын ала унаа каттамдарын башка багыт боюнча тандап алууну суранабыз», — деп жазылат маалыматта.