Социалдык тармактын колдонуучулары «Ошто аялды колундагы баласы менен унаа сүзүп кете жаздады» деген видео менен бөлүшүп жатышат.
Видеодон көргөндөй аял баласын көтөрүп, жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн өтүп бара жатканда эки унаа тең токтогон эмес. Маалыматка караганда, видео Курманжан датка көчөсүндө тартылган. Азырынча милиция маалымат бере элек.












