Ош облусунун аймагында баңгизаттарды сатуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу баңгитоптун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
ИИМдин узак убакыт аралыгында жүргүзүлгөн атайын операциясынын натыйжасында, Ош шаарынын аймагында баңгизат сатуу менен алектенген уюшкан кылмыштуу топ кармалды.
15-октябрда Ош ШИИБдин Кылмыштардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) каралган кылмыштын белгилери менен кылмыш ишинин алкагында ИИМдин каттосунда уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү катары каттоодо турган Ош шаарынын тургуну, буга чейин 8 жолу соттолгон, 1991-жылы туулган М.у.Н. жетектеген топ такталган. Топто 1999-жылы туулган Н.у.М., 2000-жылы туулган З.у.Ч. жана 1998-жылы туулган Б.у.М. болгон.
18-декабрда М.у.Н. кармалып, ал башкарган унаа тинтүү жүргүзүлгөн убакта, унаанын ичинде 2 даана бычак табылган. 20-декабрда Б.у.М. кармалып, ал башкарган унааны тинтүү жүргүзүү учурунда, унаанын ичинде афган өндүрүшүндөгү «гашиш» баңгизаты табылган. Жогоруда аталган жарандар Ош шаарынын тергөө абагына киргизилген.