Кечээ, 24-мартта Шакиров көчөсүндө жайгашкан эски көрүстөндү коомдук муктаждык үчүн кайра пайдалануу максатында рекультивациялоо боюнча иштер башталды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев, Ош шаарынын казысы Мирлан Токтомушев, Курманжан-Датка муниципалдык аймактык башкармалыктын өкүлдөрү, аксакалдар жана жергиликтүү тургундар чогулуп, жалпы маркумдарга куран окулуп, курмандык чалынды. Тиешелүү кызматтар тарабынан дезинфекциялоо иштери жүргүзүлдү.
“Акгөр” көрүстөнү мындан 73 жыл мурун жабылган жана анын жалпы аянты 19 сотыхты түзөт.