Ош шаарынан изделип жаткан келин Баткен шаарынан табылды. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.
Баткен ШИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн 33 жаштагы жаранды Баткен шаарынан 4-апрель күнү таап, Ош ШИИБге кабарлама берилди. Учурда текшерүү иштери жүрүп жатат.