Социалдык тармактарда «Ошто таштанды челектен башы кесилген аялдын жансыз денеси табылды» деген маалымат тарап жатат. Ош ШИИБ бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдиришти.
«Социалдык тармактарда төмөндөгү жалган маалымат тарап, жарандарды дүрбөлөңгө салууда. Ош шаарынын ички иштер башкармалыгы расмий түрдө билдирет: Мындай окуя Ош шаарында катталган эмес жана чындыкка таптакыр туура келбейт. Андыктан, бул маалыматка ишенбөөгө чакырабыз. Жалган маалымат тараткандар боюнча тиешелүү ыкчам иштер жүргүзүлө баштады», — дешти.






