Кечээ, 25-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгы тарабынан Сулайман-Тоо жана Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыктарына караштуу Ленин, Ош жана Бабараимов көчөлөрүндө жардын урап кетүү коркунучу бар 63 үйдүн ээсине атайын түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
2018-жылы аталган аймактарда жардын урап кетүү коркунучу аныкталып, жергиликтүү бийлик жашоочуларды коопсуз жайга көчүрүү боюнча сунуш кылган. Бирок тургундардын көчүүсү толук аткарылбай калган. Өкмөткө караштуу кызматкерлер тарабынан жүргүзүлгөн түшүндүрүү иштери учурунда жардын урап кетүү коркунучу күчөп жаткандыгы, өмүрү жана мүлкү үчүн коркунуч туулушу мүмкүн экени айтылды.