Бүгүн, 18-февралда Ош шаарынын борбордук аянттында жеке ишкер Улукбек Абиев тарабынан алынып, Ош шаарынын мэриясынын коммуналдык кызматтарына жаңы атайын техникалар тапшырылды.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев ишкерге коммуналдык кызматтарга эки жүк ташуучу жеркелгичти (экскаватор) жана бир жүк түшүрүүчү унааны белекке бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди. 20 күн аралыгында Ош шаарынын мэриясына демөөрчүлөр тарабынан жалпы 21 жаңы техника тапшырылды.