Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, бүгүн саат 03:54дө Кыргызстандын аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Маалыматка ылайык, жердин силкинүүсү Ош облусунун Алай районунун Алга-Бас, Кабылан-Көл айылдарында 3,5 балл.
Ал эми Кара-Суу районунун Лаглан, Тогуз-Булак, Тээке айылдарында 3 баллга чейин жеткен.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.






