Оштогу Масалиев менен Навои көчөсүнүн кесилиши унаа үчүн толук ачылды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти.
Масалиев көчөсүнүн үч чакырым жолуна толук жаңыдан асфальт төшөө иштери башталган болчу. Жумуштар 100 пайызга аяктап жол бүгүнтөн тарта ачылды. Муну менен катар Масалиев жана Навои көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө жүргүнчүлөр үчүн курулган өтмөк да толук ачылып, өтмөк аркылуу жүрүүгө уруксат берилди. Өтмөктүн негизги конструкциясы бүттү. Ал эми шаар тургундарына тоскоолдук жаратпаган абалда кошумча жасалчу майда жумуштар жүрүп жатат. Жакынкы аралыкта ал иштерди бүткөрүү мерчемделген.