Ош облустук милициясынын кызматкерлери коомдук жайларда жүзүн толугу менен жаап жүргөн жарандарга карата чара көрүүнү улантууда. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
Алсак, ушул жылдын апрель айынан тартып алдын алуу жана эскертүү максатындагы бир канча рейддер өткөрүлгөн. Анда коомдук жайларда жүзүн толугу менен жашырып жүргөн 140 жаранга эскертүүлөр берилип, 22 кыз-келинге Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 127¹-беренеси менен протоколдор түзүлүп, 20 миң сомдон айып пул салынды.
Азыркы учурда тартип сакчыларынын демилгеси менен Кара-Суу, Өзгөн жана Ноокат райондорунун борборундагы чоң ЛЭД экрандарга коомдук жайда жүзүн толук жаап жүргөн жарандарга айып пул салынаарын эскерткен видеороликтер коюлду.








