Ош ОИИБдин кызматкерлери коомдук жайларда жүзүн толугу менен жашырып жүргөн жарандарга карата чара көрүүнү улантууда. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти.
8-октябрдан 18-октябрга чейин өткөрүлүп жаткан «Экстремист» аталышындагы иш-чара учурунда коомдук жайларда жүзүн толугу менен жашырып жүргөн 28 жаранга протоколдор түзүлүп, 20 миң сомдон айып пул салынды.









