«Бул жерде бир катар унаа батчудай кошумча жол, тротуарлар курулуп, аны менен бирге жашыл аймактар түзүлүп, ирригациялык тармактар орнотулат. Аталган жумуштар жарандардын көптөгөн кайрылууларына ылайык Исанов көчөсүн иретке келтирүү максатында жасалууда», — деп жазылат Ош мэриясынын маалыматында.
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин күнүмдүк рейддик кыдыруусунда берилген тапшырмасына ылайык, Раззаков көчөсүндө туурасы 3 метр, жалпы узундугу 2 чакырымдан ашык аралыктагы тротуарды куруу иштери жүрүп жатат. Шаар башчысы буга чейин тиешелүү кызматтарга аталган көчөнүн боюнда жайгашкан мыйзамсыз тосмолорду, курулуштар алып салуу менен бирге, тротуарларды куруу боюнча тапшырмаларын берген.