Ош шаарында 720 орундуу Валентина Терешкова мектеп-интернатынын салтанаттуу ачылышы болду. Иш-чарага президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев катышты.
Садыр Жапаров мектепти бүтүргөндөрдүн бири Камчыбек Ташиев экенин баса белгиледи. Анын айтымында, 2022-жылдын май айында интернаттын эски имараттары жараксыз деп табылганда, Камчыбек Ташиевдин демилгеси менен бузулуп, жаңы комплекс куруу иштери башталган.








