Ош шаарындагы ылай-чаң болгон бак-дарактарды «Ошто көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарба комбинаты» муниципалдык ишканасы жууп, тазалап жатышат. Бул тууралуу ишкананын жетекчиси АбайБольшевиков социалдык тармактарга жазды.
Анын айтымында, бак-дарактар жылда апрель-май айларында жуулса, быйыл Ош шаарында көчөлөрдө асфальт сыйрылып, ылай-чаң көп болгондуктан февраль айында эле бул ишти башташкан.
«Жаз жыттанып, күн жылып баштады. Ага улай кышы менен дарактарга кабатталып орногон ылай чаңдан арылууну баштадык. Шаардын негизги көчөлөрүндөгү бардык дарактар жуулат. Өзгөчө можжевельник, туялардын баарын жууп, тазалап чыгабыз. Бүгүнкү күндө төрт көчөнү бүтүрдүк», — деп жазды Абай Большевиков.
Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылында Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиевдин катышуусунда көчмө жыйын өттү. Анда көп тармактуу спорт комплекстин курулушу...
Социалдык тармактарда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаевдин сүрөттөрүн пайдалануу менен чындыкка дал келбеген билдирүүлөр таратылып жатат. Бул тууралуу Ош мэриясынан...
Оштогу Көкүм-Бий көчөсүндөгү мыйзамсыз менчиктештирилген №18 бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Ош мэриясынан билдиришти. "Азыркы учурда Ош шаарынын мэри...
Бүгүн, 5-майда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигенов чет элдик инвесторлор менен жолугушуу өткөрдү. Делегациянын курамында Кытайдан келген...
Туризмди өнүктүрүү фондунун мурдагы жетекчиси Абылкасым (Баткен) Шерниязов 53 жашында каза болду. Бул тууралуу анын агасы, Кыргызстандын Франциядагы элчиси Садык Шер-Нияз...